Бүгүн, 9-августта КСДПчы депутат Ирина Карамушкинаны суракка алуу үчүн ИИМдин тергөө башкармалыгына мажбурлап жеткиришти.
Эсиңиздерге сала кетсекЮ ИИМдин ыкчам кызматкерлери депутат Ирина Карамушкинаны Атамбаевдин “Форум” ишканасынын имаратына келип, расмий чакыруу кагазын тапшырып, машинага салып мажбурлап алып кетишкен.
Ирина Карамушкинаны милиция 7-августта Алмаз Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө болгон баш аламандык, бийлик өкүлөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбегендик, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин барымтага алуу жана 3-сентябрга даярдалып жаткан митинг фактылары боюнча суракка ала тургандыгын билдирди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ