2010-жылы Өмүрбек Текебаев жазган Конституциянын 10 жылдык жыйынтыктары жана “Ата-Мекен – Жаңы дем” оппозициялык альянсы тууралу белгилүү инсандардын пикирлерин жарыялайбыз:
“Текебаевдин жазган Конституциясындагы шайлоого партиялык тизме аркылуу катышуу деген эмне экенин эл көрдү, буга соңку чакырылыштагы депутаттардын сапаттык “өзгөчөлүгү” таасын далил. Дал ушул система өлкөдөгү ботконун негизин түздү, сабатсыз, эч даярдыксыз “жөн эле” партизмеде турганы үчүн депутат болуп калгандар бийлик башындагылардын куурчагы болуп берди. Акыры келип жер тарып, эл карып болду. Экономика сазга тыгылды, эл менен бийликтин ортосунда ор пайда болду, саясий да экономикалык да, социалдык да абал мурда болуп көрбөгөндөй начарлады, элдин бийликке ишеними кетти.”
Сүйүн Курманова
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ