Menu

Аиданын “абийирин” төгүштү

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин төрага орун басары Аида Касымалиеванын коомдук транспортто жүргөн сүрөтү коомдук талкууга кабылды. Анын сүрөтүн көргөндөр “Эми муну Жолдошбаев көрбөсүн, көрсө уялат” десе, дагы бири “Раиса Атамбаева деле коомдук транспортто жүрөт” деп, көпчүлүгү алдыда шайлоо келе жаткандыгын эске салышып, шайлоо астындагы жеңил пиар катары кабыл алышты. Чындыгында анын кандай транспортго жүргөнү бизге кызыксыз. Бирок, ошондой болсо да биздин чиновниктер жеңил пиардын жетегинен чыкпай коюшту. Эй байболгурлар, жеңил пиар менен элге жакын болобуз десеңер терең жаңылышасыңар. Бул “оору” кыргыз саясатчыларынын баштан берки өнөкөтү экенин Аида айым анчейин биле бербесе керек. Буга чейин да бир топтор велосипед тээп же коомдук транспортко түшүп шаар айланып чыгышкан. Албетте, жөнөкөйлүк, эл көргөндү көрүү жакшы дегилечи. Бирок, алар бир күн ошентип, беш жыл “майкандашпадыбы” таң көрү десе. Арыдан бери болгулачы!

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: