Menu

Балээнин баарын Айбек Калиев билеби?

Бөлүшүү:

ТЭЦтин мурдагы директору мекемени модернизациялоодо «жабдуулардын кымбат сатып алынып жатканын» мурдатан билиши мүмкүн деген үч кишинин аты-жөнүн айтты. Борбор калаадагы ТЭЦти жаңылоодо жабдуулар менен материалдар кымбат сатып алынып жатканын Улуттук энергохолдингдин башчысы, «Электр станциялары» ААКтын башкы директору жана ТЭЦти модернизациялоо боюнча топтун аткаруучу директору билиши керек болчу деген пикирин жылуулук электр борборунун мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу Sputnik Кыргызстан
агенттигинин кабарчысына билдирди. Анын айтымында, ТЭЦти модернизациялоо үчүн алынган бардык жабдуулар кымбат баада алынган. Ал коомчулукка болгону «640 долларга алынган эки аттиш менен 14 500 доллардык видеокамера» боюнча эле маалымат тараганын айтты. Анткени бул нерселердин баасы канча экенин эл жакшы билет. «Бул тууралуу Энергохолдингдин төрагасы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ААКтын башкы директору Узак Кыдырбаев жана ТЭЦти модернизациялоо боюнча топтун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов билиши керек», — деди ал. Бул маалыматты ал “Спутник” маалымат порталына билдирди.

Булак: Ачык саясат 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: