Жеңил салмактагы UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов өзүнүн миллион доллар акчасын Африкадагы жарды адамдарга кайрымдуулукка берет. Бул тууралуу анын менеджери Али Абдель-Азиз журналисттерге маалымдады. Каражаттын көпчүлүк бөлүгү жаш балдар билим ала турган мектепке жумшалат. Мындан тышкары Африкага Хабиб Нурмагомедов өзү барып, ал жердеги балдардын жашоо абалы менен таанышып кайта турганы маалым болду.
⠀
Эскерте кетсек, Хабиб Нурмагомедов Дүйнөнүн Эң таасирдүү 500 мусулмандын (The Muslim 500) катарына кирген. Бул тизмеде атактуу жана кайрымдуу иштерди көп кылган мыкты спортчулар жана коомдук ишмерлердин ысымдары бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ