Menu

Зулхумар Абилаева, модель: Ата-энем мамлекеттик кызматтарды аркалашат

Бөлүшүү:

«Кыргызстан сулуусу-2018» сынагы 5-ноябрда өткөнү турат. Өтүүгө жакындап калган сынакка кызуу даярдыктар жүрүүдө. Финалга 16 жаштан 26 жашка чейинки 28 кыз аттанып, кыздар өзүн алып жүрүү, басуу, кыргыз салттарын даңазалап, кыргыз бийлерин, ырларын, монолог айтуу боюнча даярданышууда. Финалга чыккан эң чырайлуу кыздардын бири Зулхумар Абилаева менен маек курдук.

– Зулхумар, кандай иштер менен алектенесиң? Ата-энең кандай кызматтарды аркалашат?

– Кыргыз мамлекеттик техникалык Исхак Раззаков атындагы университеттин 2-курсунун студентимин. 19 жаштамын. Атам Эрматов , Абдимамат жана апам Каратаева Асымгүл экөө тең мамлекеттик кызматты аркалашат.

– Сынакка даярдыктар кандай?

– Конкурска даярдык аябай жакшы жүрүп жатат. Бул конкурс мага аябай көп нерсени үйрөттү. Мисалы, кантип туура басууну жана бийлегенди, коомчулукта өзүн кантип алып жүрүү ж.б. өзүмдү өнүктүрүүгө көп сабак алдым.

– 28 кыздын ичинен алдыга озуп, жеңишке жетем деген ишеничтер барбы?

– Жеңишти ким кыялданбасын?! Конкурста жеңем деген ишеним бар, бирок анчалык чоң ишеним эмес.

– Зулхзпиар деген өзгөчөлөнгөн ысымды ким ыйгарган?

– Бул ысымды атам жактырып койгон экен. «Зулхумар деген сейрек учураган ысым экен» деп курбуларым да айтып калышат.

– Коомдук иштерге аралашасыңбы?

– Коомдук иштерге көп деле катышпайм, себеби учурда окуу менен алекмин.

– Колунду сурап жуучу түшкөндөр көп болсо керек…

– Учурда жигиттер кызыктырбайт. Азырынча колумду сураганга мен аябай жашмын. Максатым – терең билим алуу.

– Жалгызсыраганда, бук болгондо кантесиң?

– Жалгызсыраганда мага сейилдөө же болбосо өзүмчө китеп окуган аябай жардам берет. Табигат, таза аба көңүлүмдү көтөрөт.

– Сулуу кыздарга ар кандай кептер тез жабышат. Ушакчы адамдарга кандай ойдосуң?

– «Ит үрө берет, кербен жүрө берет», «итти үрдү деп таш ыргытсаң, өмүрүндүн баары өтүп кетет» демекчи, ушакчы адамдарга көп деле маани бербеш керек, себеби, ичи тар жана бирөөнүн ийгиликтерин көрө албаган адамдар ушакка жакын болушат.

Малика Асылбекова

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: