Полковник Ашым Тагаев башында Жаныш Бакиевдин кадры катары карьералык секириктерди жасап, көзгө илингенин баамдаган элек. (Бул өңүттө кесиптештери да кызык фактылардан кеп салып жүрүшөт.) 2010-жылы революция болуп кетип, Ашым «баатыр» кызматынан кеткени белгилүү эле. Көп өтпөй Икрам Илмиянов менен жердеш болуп чыгып, жакындан тил табышып, Ош ОИИБсине, кийин Баткен ОИИБсине начальник болгонго жетишет. Чоңдор менен тил табышуу жагынан «мастерге» айланыптыр да. Эми болсо Бишкек шаарынын бакандай болгон Свердлов РИИБсине начальник болуп келди. «Жең ичинен» сүйлөшкөндү катырып атса, кызматтан кызматка секирүү кеп бекен? Кудай бактыны батектей кылып койсо не дейсиңер? Кайсы заман болбосун «майталканда» жүрө берет да…
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ