Бразилия өлкөсүндөгү Кампинас шаарында жаңы эле төрөлүп, таштандыга ташталган ымыркайды ит куткарып калды. Бул тууралуу pressite.ru сайты жазып чыкты.
Алардын жазганына караганда, Кампинас шаарындагы Анжела аттуу жолбун ит таштандыга киндиги кесилбеген бойдон ыргытылган ымыркай кызды куткарып калган. Ал таштандыдан ымыркайды желкесинен тиштеп алып чыгып, аны баккан аялга алып келген. Мындай көрүнүштү күтпөгөн аял алгач сүрөткө тартып, анан дароо тез жардам чакырып, аларга өткөрүп берген. Врачтардын айтымында, наристенин ден соолугу куландан соо болуп чыккан, болгону ага жардам керек болгон. Аны таап алган ит кыздын эч жерине жаракат келтирбей, аялга жеткирген. Ымыркай азыр балдар үйүндө, полиция аны көчөгө төрөп, киндигин да кеспестен таштандыга таштап кеткен апасын издеп жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ