Menu

Видео – КРнын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов молдо устаз Мыктыбек Арстанбектин мотивациялык видеопостун кескин сынга алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов мурунку журналист, азыркы молдо устаз Мыктыбек Арстанбектин Ютуб каналындагы жаңы жарыялаган ишкердикке шыктандыруучу мотивациялык видеопостун кескин сынга алды:

“Туугандар, мен мобул видеону көрүп чыктым азыр. Жакшы түшүнбөй да калдым окшойт. Ортого салайынчы. Туура кабыл алгыла.

Азыркыча айтканда, когнитивный диссонанс болуп отурам.

Сиздер менен бөлүшөйүн. Балким, түшүндүрүп бересиздер.

Мыктыбек Арстанбек – расмий баракча акыркы жылдары динчил кана эмес, молдо устаз болуп, элге сабак дарс окуп атканын жакшы билебиз. Айткан сөзү бул Ыйман, Адеп Ахлак, Кураны Керимдиги айаттар жана суралар.

Эми анан бул видеосунда ажыкебиз ийгиликти акчага теңеп, акча менен кана өлчөп атат. Элестеткиле. Адам баласынын бул жашоодо ийгилиги акча менен кана бааланат экен. Бул сөздү башка бирөө айтса, “аа, атаңдын көрү” деп коет элек. Бул сөздү динчил бирөө айтканда “ыя, кокуй” деп чоочуп да кетет экенсиң.

Өлчөгөндө дагы бир айда 43200 мүнөт бар дейт. Ошол бир мүнөтүндө канча акча тапса, ошончо ийгиликтүү имиш. “Бир мүнөттө канча акча табасын?” деп тренингине келген жаштарды эсептеттиртет экен. Анан аларга “мобунча эле тыйын” табат экенсиң деп ошол жаштарды жээрип, шагын сындырып, “сабак окубагыла” дейт. Он сегиз жашында акча таппаган адам, көрсө келечекте ийгиликке жетпейт экен. Аларды ата энеси “уктатып” коюптур. Билим албаш керек экен киши. Жестокий факт дейт.

“Балдардын баардыгын биз ишкердикке тартышыбыз керек”- дейт урматтуу журналист ажы.

Идиш жууган, кар күрөө, дубал шыбоо кылмыш экен.

Баарыбыз ишкер бололу. Айына, то есть мүнөтүнө жүз сомдон табышыбыз керек экен.

Ой тобоо.

Ким каршы?

Бирок бул эмне деген идеология? Бул мотивациялоо сөздүн артында кайсы нарктар баалуулактарды пропагандалап жатат бизге Мыктыбек мырза? Жашоонун ийгилиги акча менен кана бааланса. Сабак окубай эле, баарыбыз “ишкер” болсок. Бир мекеме же фирмада иштегендердин баары малай деп аталсак. Ак эмгекти кылмыш десек.

Жок, туугандар! Мен мындай сөз менен макул эмесмин. Акчага сыйнууну мен кабыл албайм. Мындай динге мен каршымын.

Кымбаттуу ини карындаштарым!

Укпагыла мындайды. Окугула! Билим алгыла! Ачка болсоңор дагы, китепти тыштабагыла!

Көчө шыпырган, курулушчу, кийим тикчүү замандашым! Мугалим жана доктур агай эжекелерим! Адамдын ийгилиги бул таза жана адил болууда. Акча керек, бирок кара жерге кирсин. Акча табам деп атып, канча киши адашты. Акчага киши эчкачан тойбойт. Анан эле баарыбыз чала молдолор жакшы көргөн арабтардай узун ак көйнөк кийип алып, университетте окубай эле, мерседес айдап, күн бою кальяндан тартып коюп, “ишкермин” деп жүрө албайбыз. Бири бирибизге “сен мүнөтүнө мынча тыйын табасың” деп сын таккандан алыс бололу! Жокко чөкпөйлү! Эмнеси болсо дагы, жаштарды бузбайлы! Жаштар, молдокелердин айткандарынын баардыгына эле ишене бербегиле! Алар окуткан Китеп өзү “оку!” деген сөздөн башталарын билгиле!

Силер дагы эски журналисттин видеосун көрсөңүздөр. Кандай ойдо болсоңуздар дагы, айтсаңыз. Меники туура эмес болсо, кулак сизде!

Эдил Байсалов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: