Республиканын аймактарында рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Чүй жана Жалал-Абад облустарынын тургундары милиция кызматкерлерине ок атуучу куралдарды өз ыктыярлары менен тапшырышкан. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
16-август күнү Чүй облусунун 49 жаштагы жашоочусу чарбагынан таап алган ок атуучу куралын милиция кызматкерлерине тапшырса, ал эми Жалал-Абад облусунун тургуну милиция бөлүмүнө чоң атасынан калган ок атуучу куралын тапшырып кеткен.
ИИМ эскертет: Эгерде жаран ок атуучу куралдын ээси болбосо, сактаганга жана колдонгонго уруксат берилбейт. Тез арада куралды укук коргоо органдарына тапшыруу керек. Тапшырбоо учурунда жаран административдик же кылмыш жоопкерчилигине кириптер болот.
Ал эми катталбаган курал-жарактарды, окторду, жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшыргандар кылмыш ишине тиешеси жок болсо, анда кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ