Menu

Табыптан каза болгондор биринчи орунда

Бөлүшүү:

Табыпчылык – кыргызда байыртадан келген кесиптердин бири. Бирок акыркы кезде кесибин жакшы билбей туруп эл дарылаган чала табыптар көбөйдү. Жакында онкологиялык оорулууларды дарылаган элдик табып Ашим Зайналиевдин колунан бир бейтап каза болду. Анткени менен туура эмес жасалган операциядан тышкары, медициналык ишин жүргүзүүгө уруксаты жок табып жоопко тартылган жок. Өлкөбүздөгү элдик дарыгерлерди кантип жоопко тартса болот? Алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөгөн атайын мыйзам долбоорун иштеп чыгуу керекпи деген суроо менен укук коргоочу Токтайым Үметалиевага кайрылдык:

– Тилекке каршы, биология эмне экенин билбегендер табып болуп натыйжада канча деген адам өлүп жатат. Бизде андайларды иликтеген бизде милиция да жок. Биз табыптардын айынан өлүмгө жетүү боюнча башка өлкөлөргө салыштырмалуу биринчи орунга чыгып калдык. Ошондой эле биологиялык кошулма сыяктуу дары-дармектерди көзөмөлсүз киргизип, департамент аркылуу элге таркатып жатабыз. Ушундан дагы өлгөн адамдар көбөйдү. Бул жөнөкөй көрүнүшкө айланды. Биз азыр министрликтин ишин ревизия кылып катуу кармабасак фармокологиялык кылмыш күчөп жатат. Ошонун азабынан элдер дары-дармекке ишенбей, жогорудагыдай табыптарга барып жатышат. Бизде медицина өлдү. Эгерде ар кандай табып камчы менен урабы, же денесин чегеби, айтор, киши өлтүрсө ал билип туруп адам өлтүргөн болуп, оор кылмыш жазасына тартылыш керек. Буларга барып жаткан жарандарга эч нерсе кыла албайсың. Тескерисинче, жарандарды көз боёмочулук кылып чакырган табыптарды жабыркаган тарап сотко берсе болот. Арасында лицензия алган табыптар бар. Бирок алар экстрасенс сыяктуулар, үйлөп коюп иш кылышат дегендей. Бирок хирургиялык иш алып барган нерселерге мамлекеттин уруксаты керек. Жанагы кан басымды түшүртөбүз деп эле элдин баары чектирмеге барып жатышат. Алар чегип, адам денесин тилгенден кийин кан токтобой өлүп калган адамдар болуп жатат. Ал эми билимсиз имамдар бул нерсени колдоп, эти муздай электе эле көмүп, исламдагы көп нерселерди бурмалап жатышат. Табып менен кошо имамдарга дагы чектөө коюш керек.

Булак: Саресеп 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: