Таласта жер силкинди. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы бүгүн, 10-январда билдирди.
Алардын маалыматына караганда, таңкы саат 06:07де Талас облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Бакай-Ата районунун Бакай-Ата, Маданият, Ынтымак, Кызыл-Октябрь айылдарында 2,5 балл, Талас шаарында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ