9-январдан 10-январга караган түнү Швейцариянын Лозанна шаарында жаштардын кышкы Олимпиадалык оюндарынын ачылышы болуп өттү. Кыргызстандан Олимпидага катышып жаткан биатлончу, лыжа тебүүчү кызыбыз Елена Бондарец Казакстан менен Косово спортчулары менен бирге кыргыз туусун көтөрүп чыкты. Эми Еленага таймаштарда ийгиликке жетишин тилеп, күйөрмандыгыбызды көрсөтөлү.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ