Menu

Касым-Жомарт Токаев президенттик кызматка расмий киришти

Бөлүшүү:

Казакстандын шайланган президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн ант берип, расмий түрдө мамлекет башчы кызматына киришти.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 9-июндагы кезексиз президенттик шайлоодо Токаев шайлоочулардын дээрлик 71 пайызынын добушун алган.

Токаев өлкө президенти катары экинчи жолу ант берди. Анын алкачкы инаугурациясы 20-мартта, өлкөнү дээрлик 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев отставкага кеткенден кийин өткөн. Ошол эле күнү кызматке киришкен Токаев парламент сенатынын спикерлигине Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаеваны дайындаган.

Токаев 11-июнда өткөргөн маалымат жыйынында мурдагы президенттин стратегиясын ишке ашыруунун үстүндө иштей турганын белгилеп, сырткы жана ички саясатта президенттин ролун азайтуу ниети жок экенин билдирди. Анын айтымында, ички саясат биринчи кезекте социалдык маселелерди чечүүгө, ишкерлерди колдоого жана инвестицияларды коргоого багытталат. Мындан тышкары «жарандык коомду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну» убадалаган Токаев Коомдун ишениминин улуттук кеңеши деп аталган атайын орган түзүү чечимин кабыл алганын жарыялады.

Өз кезегинде Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Казакстандагы шайлоого көз салган байкоочулары добуш берүүдө жарандардын «негизги укуктары бузулганын» билдиришти.

Казакстандагы митингдер «Токаев — менин президентим эмес» деген ураандар менен өтүп жатат. Анын катышуучулары шайлоо таза жана акыйкат өткөн жок деп эсептешүүдө. Полиция 9-июндан бери жалпысынан 700гө жакын кишини кармаса, алардын 550сү административдик жоопкерчиликке тартылды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: