АКШ президенти үчүн эң башкысы – Ирандын колунда ядерлик куралдын болбой, өлкөдө нааразы болгон калкка күч колдонулбашы керек. Бул тууралуу ал 13-январда өзүнүн Twitter баракчасына жазып чыкты.
“Улуттук коопсуздук боюнча жардамчымдын айтуусу боюнча, киргизилген санкциялардан улам Иран “дем ала албай” калыптыр, эми сүйлөшүүлөргө барууга аргасыз болушат экен. Бирок бул мени кызыктырбайт. Бардыгы өздөрүнүн колунда, ядерлик куралы болбосун жана нааразы болуп, көчөгө чыккан жарандарына күч колдонбосун”, – деп жазат президент.
Мурда жардамсычы Роберт Брайен өлтүрүлгөн Касем Сулеймани АКШ менен сүйлөшүүгө ар дайым каршы болуп келгенин, эми ал каза болгон соң, Иран менен сүйлөшүү оңойго турарын айткан эле.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ