Menu

Ноокат районунда инспектор айым 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Бөлүшүү:

Ноокат району боюнча ЖКККБнын кенже тескөөчүсү, милициянын старшинасы К.З. 5000 сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды тазалоого багытталган иштерди улантып жатат. Жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароодон баш тартуу, кылмыштарды каттоодон жашыруу, пара талап кылуу, оройлук боюнча фактыларга өзгөчө көңүл бурууда.

30-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматына М.М. аттуу жаран кайрылып, жол кыймылынын эрежесин бузгандыгы үчүн акча каражатын талап кылып, паранын бир бөлүгүн (2000 сом) алгандыгын жана арыздануучунун паспортун өзүнө алып коюп, 8000 сом акча каражатын талап кылууну улантып жаткан ЖКККБнын тескөөчүсүнө карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.

Аталган факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренеси (опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан опузалап пара талап кылууга шектүүнү кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Бүгүн, 3-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЭККМКнын тергөөчүлөрүнүн катышуусунда Ош облусунун Ноокат районунда Ноокат району боюнча ЖКККБнын кенже тескөөчүсү, милициянын старшинасы К.З. 5000 сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурунда кармалды.

Ички иштер министрлиги жогорудагыдай кызматкерлерди аныктоо боюнча чараларды көрүп, коррупцияга аралашкан кызматкерлерди тактоо боюнча иштерин улантат. Азыркы учурда ИИОнун кызматкерлери тарабынан жасалган коррупциялык кылмыштарды аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча ыкчам иликтөө жана башка иш-чараларды улантууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: