Menu

Фото – Жалал-Абаддагы түшүм майрамы

Бөлүшүү:

Бүгүн Жалал-Абад шаарында түшүм майрамы өткөрүлүп, ага Жалал-Абад областына караштуу бардык район-шаарлардан дыйкандар, фермерлер өздөрүнүн ак эмгеги менен тапкан жашылча, мөмө-жемиштерин, азык-түлүктөрүн шаар борборунда уюштурулган көргөзмөгө коюшту. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Түшүм майрамына катышып жаткандарды КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов куттуктап, быйыл Кыргызстанда айыл чарба тармагынын түзүлгөндүгүнө 90 жыл толгондугун жарыя кылды.

-Бул майрам жыл сайын өткөрүлүп келет. Биз дыйкандарыбызга, фермерлерибизге чоң ыраазычылык билдиришибиз керек. Азыр рынок шартында мурдагы союздун мезгилиндеги техникалар эскирген, агротехника, агрохимия жагы кыйла аксап калган. Ушундай оор шарттарда да дыйкандар түшүмдүүлүктүн деңгээлин жогору көтөрүп, жалпы кыргызстандыктарды азык-түлүк менен камсыздап жатышат, – деди ал.

КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укутуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ажимамат Исаевдин айтымында, быйылкы жылы областтын аймагында 154 миң гектар жер иштетилген. Анын  11 миң 461 гектарына пахта өстүрүлүп, орточо түшүмдүүлүгү гектарына 33 центнерден болду. Ошону менен бирге эле 261 миң тонна жашылча өстүрүлдү. Быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу жалпы түшүмдүүлүк 1 центнерге көбөйдү.

Өкмөттөн дагы жакшы колдоолор көрсөтүлүп, айыл чарбасын каржылоо максатында 945 миллион сомдон ашуун насыялар, ошондой эле лизинг линиясы менен 27 техника берилди. Жалпылап алганда айыл чарба тармагында жылдагыга салыштырмалуу 1,1 пайызга өсүү байкалды.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 58 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: