Азыркы президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратура экс-президентке, депутататтарга жана баш прокурордун өзүнө дагы кылмыш ишин козгоого болот деген мыйзамга кол койду.
Эми тергөөчү мыйзам бузган адамдын статусуна карабай кылмыш ишин козгой алат.
Кылмыш ишти жумуштан алынган президентке дагы козгой алышат. Ал эми өлкө башчысын болсо иштен парламенттин депутаттары ала алышат.
Мурда, мыйзам боюнча, экс-президентте колтийбестик укугу сакталуу бойдон калчу.
Баш прокурор президент, премьер-министрден баштап, Генштабдын, Боршайкомдун жетекчиси жана акыйкатчы сыяктуу саясатчы жана чиновниктерге каршы кылмыш ишин козгоо укугун алды
Алар баш прокурордун өзүнө дагы, эгерде орун басарынын жана парламенттин чечими болсо иш козгоого укугу бар.
Көңүл бура турган нерсе бул мыйзам экс-президент Роза Отунбаева учурдагы мамлекет башчыны ачык сындап жүргөнүнө туура бир жыл болгондо кабыл алынды.
Отунбаева оппозициянын нааразычылык акцияларына ачык катышып, сотто Атамбаевдин негизги сындоочусу, Ата-Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди коргогон.
Бирок Отунбаевага жаңы мыйзам таасир бере албайт, себеби ал мыйзам кабыл алынганга чейин экс-президент болгон.
Бул мыйзам таасир бере турчу эң биринчи адам – ошол мыйзамга кол койгон президент Атамбаев. Ал өзүнүн колтийбестигинен 2017-жылдын 1-декабрында башкаруу убакытынын бүтүшү менен бирге ажырайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ