Аксы районунда 8-класстын окуучусу жылгаяк тээп жүрүп каза болду. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.
Маалыматка караганда, Кара-Суу айылында жашаган окуучу (кыз бала) катуу ылдамдыкта чана тээп баратып даракты сүзүп алган. Ал ооруканага жеткенде каза болгон. Маалыматты Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Дөөлөт Миңбаев тастыктап, учурда териштирүү жүрүп жатканын айтты. Ал окуя кечээ, 17-январь күнү кечинде болгонун кошумчалады.
Аксы райондук билим берүү бөлүмү буга чейин ата-энелер менен 3 тараптуу (мектеп, айыл өкмөт, ата-энелердин ортосунда) келишим түзүлгөнүн билдирди.
«Эртең мененки саат 8:30дан 13:30га чейин окуучуларга мектеп жооптуу. Калган убакта ата-энелер балдарына өздөрү жооп беришет», – деп билдиришти райондук билим берүү бөлүмүнөн.
Каза болгон окуучу Кара-Суу айылындагы Э.Четинбаев орто мектебинде окучу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ