Бүгүн, 20-январда, Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн 3 медиага карата жазган арызы боюнча сот отуруму уланат.
Алгачкы сот отуруму, былтыр, 19-декабрда башталган. Анда Матраимовдордун адвокаттарынын өтүнүчү менен видеого тартууга тыюу салынып, сот залынан журналисттер чыгарылып, жабык эшик артында сот болгон.
Эске сала кетсек, Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын былтыр, 9-декабрда сотко берип, жалпысынан алганда, 60 миллион сомго доого жыккан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ