Ресторандан 4 уюлдук телефонду уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, 2019-жылдын 23-декабрь күнү Ленин РИИБине төрт жаран кайрылган. Маалымат боюнча Алымкулов көчөсүндө жайгашкан ресторандардын биринен 20 миң сомдук эки “Самсунг” телефонун, 21 миң сомдук жана 15 миң сомдук “Редми” телефонун белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Уурдалган телефондордун жалпы суммасы – 76 миң сом.
Аталган кылмышка шектелип 1988-жылы туулган М.Э. аттуу жаран кармалган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ