Menu

Өзбек бийлиги 2018-жылы 350 миң жаңы жумуш ордун түзүүнү пландоодо

Бөлүшүү:

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев “Туруктуу өнүгүүнүн улуттук максаттарын ишке ашыруу чаралары жөнүндө” токтомдун долбооруна кол койду.

Документке ылайык, быйыл 350 миң туруктуу жаңы жумуш ордун түзүү каралган. Бул Өзбекстанда чакан бизнести колдоо жана жумушсуздарды кайрадан кесиптик даярдыктан өткөрүүнүн алкагында ишке ашат.

Айыл чарба жана өндүрүштө 168,2 миң киши жумуш менен камсыз болушу керек. “Жол картасын” жана инвестициялык программаларды жүзөгө ашыруунун алкагында 20 миңдей жаңы иш ордун түзүү пландалууда.

Өзбекстан бул документти жүзөгө ашыруу менен кедейликтин деңгээлин 2030-жылга карата эки эсеге төмөндөтүүнү пландоодо.

Документте 17 стратегиялык максат бар. Алардын ичинен азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө, дени сак жашоо образын камсыздоо жана билим берүүнүн сапатын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулган.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: