Сузак районунда 2 жашар бала сабалып, каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ШИИББнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, 27-январь күнү болжол менен саат 13:30да Октябрь айылынын ооруканасына А.Б. аттуу 2 жашар баланын сөөгү алынып келинген. Анын денесинин баары көк ала болуп, сабалганы көрүнүп турган.
Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Кылмышка шектүү катары ымыркайдын тайэжеси Д.А. аттуу жаран суралууда.
Маалыматтар боюнча ымыркайдын апасы 2019-жылы каза болгон, ал эми атасы Россияда мигрант болуп эмгектенет.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ