Бүгүн, 7-февраль күнү Ош облусунда саат 06:14тө 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, жер титирөө болжол Ош облусунун аймагында 3 балл, Ноокат районунун Керкидан, Найман айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ