Бишкекте кызды уурдап кетип, коркутуу менен сойкулукка салышканы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 21-январда Бишкек ИИБисинин басма сөз кызматы билдирди.
2019-жылдын 21-ноябрында Ленин райондук ИИБисине К.А. атуу жаран кайрылган. Ал өз арызында чала тааныш М. аттуу аял 2019-жылы 12-ноябрда жашы жете элек Р.Н. аттуу сиңдисин уурдап кетип, сойкуканада иштеткен деп жазган.
“Кыз психикалык жактан оорукчан экен. Кызды Көлдүн Каракол шаарынан эки белгисиз кишилер уурдап, машине менен Бишкекке алып келишкен. Бул факт “Киши уурдоо”, “Сойкулукка тартуу” беренелери менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине кирген. Кызды сойкуканадан алып чыгышты. Тиешелүү соттук-медициналык, биологиялык жана психоло-психиатрлык экспертизалар дайындалды. Азыр тергөө амалдары жүрүүдө”, –деп айтылат маалыматта.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ