Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков мандатын тапшырды.
Ал Борбордук шайлоо комиссиясына кечээ, 9-июнда мандатын тапшыруу боюнча арызын тапшырган. Алмазбек Баатырбековдун ордуна Бейшеналы Нурдинов депутат болуп катталды.
«2015-жылы парламенттик шайлоого барганда, партия жаңы болуп, ар-кимибиз шайлоо участкаларын алып, белгилүү бир добуш алуу үчүн иштегенбиз. Менин артымдан келе турган Бейшенаалы Нурдинов эң көп добуш алган. Бирок партиядагы кээ бир адамдар алган милдетин аткарбай калган учурлар болгон. Ошондуктан бул киши кезегин күтүп көпкө отуруп калды. Мен «кезегиңиз келсе ордумду бошотуп бергенге даярмын» деп айткан элем. Ошондуктан берген убадамды аткардым», – деп билдирген Баатырбеков.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ