Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-июлда ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл, коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөштү жигердештирүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу ведомство жетекчисинин маалыматын укту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Кашкар Жунушалиев ички иштер органдарынын бөлүктөрү өлкөдө өтүүчү ири эл аралык иш-чаралар учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылууга кандай даярдыктарды көрүп жатканы, ошондой эле туристтик сезон мезгилинде коомдук тартипти сактоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө да айтып берди.
Атамбаев өлкөдө укук тартибин камсыз кылуу үчүн ички иштер органдарынын ишмердигинин натыйжалуулугун арттыруу жана жарандардын милицияга болгон ишенимин жогорулатуу боюнча чараларды активдештирүүнүн зарылдыгын белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ