“Президент Сооронбай Шарипович 2019-жылды региондорду өнүктүрүү жана сан ариптештирүү жылы деп жарыялаган. Кечээ бул маселелер боюнча улуттук диалог да өткөрдү.Ушул программанын алкагында биздин өкмөт айылдарга канча мектеп салат, канча айылды таза суу менен камсыздайт, канча чакырым ички жолдорду салат?” – деп сурады өкмөттүн өкүлүнөн депутат Тазабек Икрамов бүгүн, 28-февралда КР Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумунда.
“Ошондой эле Сооронбай Шарипович ушул программанын алкагында региондорду толук сан ариптештирүү демилгесин көтөрдү. Өкмөт алыскы айылдардагы китепканаларды электрондук китептер менен камсыз кылуу жана китепканаларды оңдоп-түздөө, жаңы китептер менен камсыздоо боюнча маселени кандай чечкени жатасыздар?”, – деди депутат Тазабек Икрамов.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ