Бүгүн, 7-февраль күнү болжол менен саат 7:40та Бишкектеги Киев жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы болгон. Бул тууралуу ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Mercedes Sprinter жана Tayota Ipsum үлгүсүндөгү автоунаалар сүзүшүп, эл ташыган маршрутканын эки жүргүнчүсү – 17 жаштагы Э.А. жана 18 жаштагы О.В. жабыркашкан. Экөө тең Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна жаткырылган. Биринчиси башынан жаракат ал эми экинчи 18 жаштагы кыз көкүрөгүнөн жабыркаган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ