Menu

Атамбаев УМКК кызматкерлерин Ардак грамоталар жана президенттик сааттар менен сыйлады

Бөлүшүү:

Президент Атамбаев бүгүн, 16-июнда,  Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлерине кызматтык милдеттерин абийирдүүлүк менен  жана үлгүлүү аткаргандыгы, ыкчам-кызмат ишмердигинде жакшы жыйынтыктарга жетишкендиги, ошондой эле  Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун  камсыз кылуу ишине кошкон салымы үчүн Ардак грамоталарды тапшырып, президенттик сааттар менен сыйлады. Бул туурасында Президенттик Аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө  УКМК кызматкерлерин  сыйлыктары менен куттуктап, Кыргызстан элинин атынан  өз милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев   мамлекеттин  жана анын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча зор иштерди аткарган дал ушундай офицерлердин күч-аракети менен  УКМК өлкөнүн реалдуу коргоочусу болуп калгандыгын белгиледи.  Мамлекет болсо Мекен сакчылыгында тургандар жөнүндө ырааттуу камкордук көргүдөй системаны түзүүгө жетишти.

Президент Алмазбек Атамбаев  УКМК кызматкерлерине чың ден соолук, бакыт-таалай жана  жооптуу кызматтарына ийгилик каалап, Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталарын жана президенттик сааттарды тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: