5-февралда Кыргызстандын аймагында тыюу салынган эл аралык террористтик уюумунун жалдоочусу
1985-ж.т. «А.А.» кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 10-февраль күнү билдирди.
Ал КР жана башка Борбордук Азия мамлекеттеринин жарандарын Сирия согуш аймагына жиберүүгө катышкан.
Бул факт боюнча тергөө органдары тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 395-беренесинин («Жалдануучулук») боюнча каралган кылмышынын негизинде сотко чейинки өндүрүш башталды.
Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ