Кыргызстандын 200дөн ашык артистеринен турган чыгармачыл делегация Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын эриш-аркак жылынын расмий ачылышына Москва шаарына жөнөп кетишти. Салтанат Мамлекеттик Кремль сарайында өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.
Салтанаттуу ачылыш аземге Кыргызстандан Кыргыз Республикасынын Эл артисттери Саламат Садыкова, Керим Турапов, белгилүү манасчы Самат Көчөрбаев, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын хору, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын Мамлекеттик “Ак марал” бий ансамбли, “Камбаркан” фольклордук – этногорафиялык ансамбли, Бишкек шаарынын Улуттук эл аспаптар оркестри, “Акак” комузчулар ансамбли жана жана эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү болгон жаш солисттер, артисттер, комузчулар жана музыкалык окуу жайда билим алып жаткан окуучулары өнөрлөрүн тартуулашат.
Салтанаттуу ачылыш азем 2020-жылдын 27-февралында жергиликтүү убакыт менен (Кыргызстан) саат кечки 22:00дө башталат.
Учурда салтанаттуу ачылышка Кыргызстандын чыгармачылык тобунун концерттик программасы толук даяр.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ