Menu

Кыргызстан экстерден, “эскилерден” качан кутулат?

Бөлүшүү:

“Унчукпаганымды коркту деп билбе” дейт кыргыз. Анын сыңары “эски элитанын” Кыргызстандын келечеги үчүн боткону чалып, ашмалтайын чыгарып туруп, бүгүнкү абалыбызга алып келип туруп, анан кайсыл ырыскыларына каадалуу басып жүрүшкөнүнө айран таңмын. Мурда бийликте жүргөн, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү тууралуу сөз жүрүүдө. Жаман көрұшпөй, жакшы түшүнүп кабыл алышат го деп ойлойм.

Ушул кезге чейин бириң абакта, бириң сабакта, бириң Алтайда, бириң каңгайда жүрүп, эл ичи тынчып калгандай болду эле. Ал турсун Текебаев баштаган айрымдарга абактагы абалы үчүн жаныбыз ачып, жаманбы, жакшыбы саясаттагы ордун, түздүгүн баалап колдоого алгандар да көп болду. Бул алардын чексиз мыкты экендигинен улам болгон жок. Жаманбы, жакшыбы кыргыз саясатынын элиталары болушту. Жаманы эле эмес, жакшы жактары да көп болгондур. Ошол жактарын эске алган коом, адилетсиз бийликтин “саясий буйруктарына” каршы туруп аларды калкалашты. Анын ичинде мен дагы бармын. Бирок, биз алардын кетирген кемчилигин түшүнүп, ар бир иште кемчилик болоорун эске алдык. Тек, алардын кайрадан кыргыз саясатына аралашса деген эмеспиз.

Эл деген ошол экен. Дайыма тырнактай жакшы иши үчүн баалап, башына мүшкүл түшкөндө жардамга келет. Аны “биз кыйын экенбиз” деп түшүнбөгүлө, журт жакшылары, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү.

Сиздерди мындан ары саясий айдыңдан көрбөйбүз, “кылган кылыктарына уялып, кетирген кемчиликтерине арданып калаар” десе, кайрадан карк болоор казаныңарга кайтып келе жатканыңарга жол болсун.

Коррупция гүлдөп, карызыбыз бүрдөп, элибиз тентип, жерибиз сатылып, кенибиз чачылып жаткан абалды көрүп туруп, кайсыл ырыстуу эмгегиңер үчүн баш калаанын бакчасына барып бак тигип, бакыт тилегениңиздерди билбейм?

Башкасын айтпаганда да Өмүрбек Чиркешович мыйзамды сыйлап, мэрия тарапта дагы жол жобону урматтап, иш кылса болот беле?

Текебаев мырза, али актала элек да. Соттон уруксаат алган экен, апасына барып жолугуп, айыл аралап келейин деп. Макул эле дедик. Бирок, Президентке кирүүгө кайсыл мыйзам жол берет. Демек, Президент дагы аны менен саясий соодалашууга макул дегенди келтире берелиби?

Спикер келгендей эле болуптур. Мэрия өкүлү Балбак байкебиз Өкмөт башын күтүп алгандай эле жүгүрүп жүрөт. Эми кандай болбосун, алар да биздин бир кездеги “кырмычык кырган” азаматтар болчу дегилечи. Ошентсе да, баарын туура уюштуруп, туура жүрүү сөздү аз кылат эмеспи.

Бул деген эмне, эртең Текебаев акыры чоң кызматты алат дегендикпи?

Өмүрбек Чиркешович айтып атат, “Президенттин кабыл алуусунда болобуз” деп. Эл кыдырып келгенге уруксат берген сот, Президентке кирип чыкканга чейин уруксат бербей койсо, ал кыргыз соту болбой калат да…

Убактылуу өкмөттү кабыл алсын, бирок шарты менен болсун. Таза акталбаган, сот иштери жүрүп жаткандар Президент менен жолугуп, келечекти кеңеше берүүгө мыйзам жол береби?

Эмнегедир өлкөдө баш аламан саясат, өзүм билемдик өкүм сүрүп баратат. Бул опурталдуу.

Кыргыз интелектисин ушулар курат, кайрадан саясатка аралашат десе, анда шоруң бар, кыргыз.

Кабыл алсын. Кандай шарт менен?

-эки жолу революция болду, экөөндө тең силер башында болупсуңар, эмне өзгөртө алдыңар?

-карыз кантип 5 млрд долларга жетти?

-100гө жакын баланын канына сабын болдуңар, кайсыл элдин алкышын алдыңар?

-арбак алдында ант бердиңер эле, аныңарды кантип актадыңар?

-ячейкадагы акчалар эмне болуп бүттү?

-кызмат бөлүшүп “менин кишимди коесуң” деп талашып жаттыңар эле, аларыңар элге кантип иштеп берди?

-ишеним артып беш жыл дым деп ооз ачпай, ал турсун анын бийлигинин алдында жогорку кызматта иштеп берген ажоңор Атамбаев азыр кайда?

-туш келди лицензияны бере берген кендердин тагдырын кантип чечебиз?

-эл “эч нерсенин кереги жок, тентип мигрант болсок да акча салып абийириңерди жабалы, сары чай ичсек да санааңарды бузбайлы, биздин ырыскыбыз болгон кендерди сатпагылачы, экологияны талкалап казбагылачы” деп атат, биз баарын эл чечкен элдик бийликпизби же аларды силердин алкымыңар деп ар кандай амал менен берилип кеткен былыктарыңар үчүн бийликтин күчүнө салып сабап, Атамбаев силерге көрсөткөндөй ыдык менен мыйзамсыз камап, ооздорун басалыкпы(?) дегендей толгон токой суроолорду берип тосуп алса жакшы.

Жок, алардын тубаса мүнөзүнө тула сиңип, саясат десе эле бирине бирин тукуруп, жаш муунду алдап кул кылып, “бир эле бийликке жетиш керек” деген ички мүдөөлөрүн пайдаланып, ушуга чейин ызылдап ” аппак болчу, тигиниси тирөөчү эле, мунусу чайнекке капкак болчу” деп, эл шордуунун ызылдап аткан, адилетсиз Атамбаевдин саясий боек сүртүлгөн саясатына каршы болгон пикирлерин, булардын эл арасында кадыры карк экен деп түшүнүп, пайдалангылары келеби?

Турмуш талабы, жашоо мыйзамы, дүйнө агымы аркылуу өлкө жаңы көз караштагы жаштар менен алмаштырууну каалап турат.

Жашоодо баардык нерсе эскини танат. Дарак да бүчүр байлайт, мөмө алат, ал бышат, берекесин берет. Жалбырагы түшөт. Кайра жаңы жашоосу башталат.

Жашоодо баары ошондой. Саясат, башкаруудагы.

А биздечи?

25 жыл Кыргызстанды 100дөй чиновник айланып башкарып келе жатат. Эл алардын бизнесин байыткан булак болуп калды. Чор таман болуп иштейт, тапканын ушулар түзгөн “келе акча” деген ар кыл тармактуу “коррупциялашкан” системага берип тынат. Кала берсе билимди да, ден соолукту, ал турсун аппак туруп жашоо эркиндигиңди да акчага сатып аласың. Ансыз, адам экениңди сыйлабаган, баалабаган “адам жырткычынын” оозуна кептелесиң.

Бул система кайдан чыкты? Ким алып келди? Каримовбу? Ельцинби? Мүмкүн, Ленин кылып кеткендир?

Бүгүнкү жашоого, ден соолуктун барына, балдардын, жакындардын жанында болгонуна, жерибиздин тынч бүтүндүгүнө эл ыраазы эле. Бирок, жашоо ошолор менен бүтүп калбайт. Жашаш керек. Татыктуу, адам катары.

Бирок, эл ичи тынч, бийликке көпчүлүк, эл ыраазыбы?

Албетте, жок. Анан кантип каада күтүп Президент кабыл алып, булар жолукканы баратканын түк түшүнбөйм. Барса булар кызмат сурайт же шайлоонун саясаты менен алек болот.

Мурда экс-өкмөт башчылары, экс-төрагалар менен жыйын курган. Эмне майнап чыкты?

Доллардын курсун түшүрүп, сомду көтөрүп ийиштиби?

Мүмкүн, чайын ичип, этин жеп “эч ким минткен  эмес” деп, бир күндүк көңүлүн көтөрүп кетишкендир…

Андыктан, ар ким менен жолуга бергенче Кыргызстандын келечегин мыкты, билимдүү, интелегент, практикасы күчтүү, системаны түшүнгөн, идеяга бай, чет элдин тажрыйбасы бар жаштар менен кеңешип, ошолор менен иш алып баруу керек. Албетте, аксакалдар да, тажрыйбалуу кызматкерлер да керек.

Жаш десе эле өзүңдү айтып аткансып, ар түркүн божомол ойлорду айтып ийгенибиз да бар. Андай арам ойлордон алыс бололу. Уучубуз куру эмес. Ар бир ведомствада, министрликте бир топ жаштар иш алып барууда. Такшалды. Алар азыркы чиновниктердин акы кошчусу, абийир жапкычы, сумке көтөргүчү, кагаз жазгычы болуп кала берүүдө. Андайлар, саясатка да кызыкпайт экен. Өкүрүп, өлө сонун сүйлөгөндү эле мыкты саясатчы болот деп калдык. Аягы, сөздөн башкага жарабай калууда.

Ошондуктан, системаны акыл эс, талап, тандоо менен жаңы күчтөргө, жаштарга алмаштыруу керек.

Убакыт келет. Кимдин ким экени билинет. Жаман жашоонун жазасы жакшы болбойт…

…этегиңерди жапсаңар болот эле “эскилер”. Сөзсүз эле абийриңерди айрандай төгүп, “ит эле, куш эле” деп, алдыдагы жылдарды абийир төгүшмөй, сөгүшмөй менен өткөрүш керек беле?

Күнболот Момоконов

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: