Menu

Парламентте КСДПчы депутаттар Асел Кодуранова менен Евгения Строкова кайым айтыша кетишти

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда КСДПчы депутаттар Асел Кодуранова менен фракциялашы Евгения Строкова кайым айтыша кетишти.

Бүгүн, 13-февралда парламент экс-президентти кол тийбестигинен  ажыратуу боюнча мыйзам долбоорун карап экинчи окуудан жактырды.

Бул мыйзамды талкуу учурунда КСДПчы депутат Евгения Строкова “Эгер экс-президент митингдерди уюштурууга катышып, мамлекеттин стабилдүүлүгүнө шек келтирсе кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча норма сөзсүз болушу керек. Антпесе, көрүп атасыздар, экс-президент митингдерди уюштурууга камданып жатканы айтылууда” деди.

«Евгения Григорьевна, сиз КСДПнын мүчөсүсүз жана бүгүн экс-президент элди митингдерге чакырып жатат деп айткан сөзүңүз сизге жарашпайт. Эгерде фактыларыңыз болсо, айтыңыз. Ал фактылар жок экендигин мен билем. Экс-президент эч качан митингдерге чакырган эмес. Партиянын курамында ушунча жыл жүрүп, муну айтканыңыз туура эмес», – деп билдирди Асел Кодуранова экс-президент Атамбаевди коргоп.

Евгения Строкова Асел Кодурановадан аны уяткарбоого чакырды.

«Мындай атырылуулардын кереги жок. Мен Акылбек Жапаров сунуштаган норма туура деп ойлойм, экс-президент статусун алган адам саясатка жана партиялык иштерге аралашпаш керек, же экс-президент статусун алыш керек же саясатты тандаш керек. Болбосо, саясий ишмердүүлүк менен алектенип жатып, сакталган иммунитет менен калган партиялардын өкүлдөрү менен тең эмес позицияларда болуп калышат. Тандоо берилди- эгерде иммунитеттүү калам десең – саясий ишмердүүлүктү ташта, эгерде саясат менен алектенем десең – каалаган ишиңди кыла бер, бирок экс-президент деген статустан баш тарт»,- деди Евгения Строкова.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 52 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: