5-март күнү Токмок шаарынын “Энергосбыт” ишканасынын жетекчиси Улан Мукаевди “Биримдик” партиясынын Токмоктогу штабына алып келип сабашкан. Бул тууралу Улан Мукаев өзү КР Президенти Сооронбай Жээнбековго видеокайрылуу жасап билдирди.
“Биримдик” партиясынын штабы жайгашкан имарат электрэнергияга карыз болгондуктан светти өчүрүүгө электромонтёрду жөнөткөн “Энергосбыттын” начальниги сабалып, кызматынан алынган.
“Урматтуу, Сооронбай Шарипович!
Бүгүнкү күндө Токмок шаарында мыйзамдуулук жок болуп, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү “беспредел” кылып жатышат. 5-март күнү саат 11:30 да Токмок шаарында мени, “Энергосбыттын” жетекчиси Улан Мукаевди, Токмоктун мэринин бир тууган иниси Амангельдиев Замир досу менен келип жумуштан машинага салып кетишкен (камераларды тийиштүү органдар караса так жана даана көрүнөт).
Алар мени Токмоктун Шамшы көчөсүндө жайгашкан “Биримдик” партиясынын штабына алып барышты. Ал жерден Токмок шаардык кеңешинин СДПК партиясынын депутаты Жансеитов Тынай “Биримдик” партиясынын штабынын светин эмнеге өчүрөсүн?” деп, досторунун көзүнчө уруп-сабады. Уруп-сабап, коркутуп “жумуштан өз ыктыярым менен кетем” деп арыз жаздырып алды.
СДПКнын депутаты Тынай Жансеитовдун башка кылмыш иши да азыркы учурда сотто каралууда. Урматтуу президент, бизде мыйзам иштейби? Же бандит-депутаттарга баары боло береби? Сизден ушул ишти өз көзөмөлүңүзгө алууну суранам. Үй-бүлөмө коркунуч жаратышууда”, – деп жазылат кайрылууда.
Милиция бул фактыны каттоого алып, КР Жаза кодексинин “бейбаштык” беренеси боюнча сотко чейинки териштирүүнү баштады.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ