Бүгүн, 8-март күнү Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт кыргызстандык айымдарды 8-март эл аралык аялдар күнү менен кыргызча куттуктады:
“Урматтуу айымдар! Сүйүктүү апалар! Бүгүн бүткүл дүйнөлүк аялдардын жана эркектердин мүмкүнчүлүктөрү жана укуктары тең болгонун белгилеген күн. Мен үчүн бул чоң сыймык. Баарыңыздарды бүгүнкү эл аралык аялдардын күнү менен куттуктайм.
Улуу Британиянын элчилиги ачылган күндөн бери аялдардын укуктарын коргоо үчүн көптөгөн иш-чараларды колдоп, маанилүү долбоорлорду ишке ашырды. Мисалы, биз жашы жете элек кыздарды турмушка чыгууга каршы мыйзамды элге түшүндүрүү иштерин колдодук. Кыздар жана аялдар зордук-зомбулуктун курманы болбош керектигине чындап ишенем.
Баарыңыздарга ден соолукту жана тең мүмкүнчүлүктөрдү каалайм. Майрамыңыздар менен!” – деп куттуктаган элчи мырза Чарльз Гарретт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ