Бүгүн, 17-март күнү Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши каралып жатат.
Анда айыпталуучунун адвокаттары Чынара Жакупова жана Икрамидин Айткулов прокурорго ишенбөөчүлүк көрсөттү. Прокурор айыпталуучуга катуу үн менен сүйлөгөндүктөн, адвокаттарда анын калыстыгына шек жаратууда.
Судья Адылбек Эсенбаев өкүм чыгаруу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө кирип кетти.
Эсиңиздерге сала кетсек, 13-августта “милиция кызыкчылыгын сатты жана ишенимден кетти” деген негиз менен Курсан Асанов кызматынан алынган. 14-августта “ээлеген кызматынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айып менен ага кылмыш иши козголуп, 27-августта Аскер прокуратурасы шектүү деп таап, Биринчи май райсоту үй камагына олтургузуу чечимин чыгарган. Тергөө органдары Курсан Асановду экс-президент Алмазбек Атамбаев менен тымызын кызматташып, анын сырдуу документтерин жашырып алып чыгып берген деген айыптарды тагууда.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ