Баткен облустук мусулмандар казыятына караштуу Исфана шаарындагы “Абу Бакр Сыдык” мечити кышка даяр. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Аталган мечиттин имам хатиби Коймуратов Умаркул каарынын айтымында мечитин ичин оңдоп-түзөө жана кышка даярдоо үчүн жалпысы болуп 500 миң сомдон ашык каражат сарпталып, 8 тонна көмүр түшүрүлгөн.
Белилей кетсек, Баткен облусунун казысы Муса ажы Жолдошов буга чейин аймактагы бардык мечиттердин имамдарына мечиттерди кышка даярдоо тапшырмасын берген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ