Бүгүн, 20-мартта Жогорку Кеңеште Коалициялык көпчүлүктүн жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдын отчетуна баяндама айтып, 2020-жылы каатчылык келе жатканын айтты.
“2020-жылда эки көйгөй бар. Биринчи – таажывирус илдети, экинчиси – экономикадагы көрүнүштөр. Улуттук валюталардын курсу. Баалардын кымбатташы” – деди премьер-министр.
Ал аталган көйгөйлөр боюнча кечээ Жогорку Кеңеште кеңири талкууланганын белгилеп, бул боюнча өкмөт өзүнүн антикризистик программасына өзгөртүүлөрдү даярдап, алып келе турганын айтты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ