- Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Ак-Суу районунун Соколовка-Боз-Учук автожолунан 31 жаштагы Ж. Улан аттуу адам ири өлчөмдө баңгизатын өткөрүп жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында Ысык –Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.
Милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш- чараларынын негизинде Ж. Улан аттуу жергиликтүү тургун эки капка салынган жапайы кендир жыттанган өсүмдүктү сатуу учурунда кармалган.
Алынган зат экспертиза жөнөтүлүп, жалпы салмагы 10 килограммдан ашык марихуана баңгизаты болуп чыккан.
Аталган факты боюнча Ысык-Көл ОИИБы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш –жаза кодексинин 247- беренеси (Баңгилик каражаттарды, психотроптук заттарды болбосо прекурсорлорду сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же сатуу) менен кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ