Кытайда тоңдурулган азык-түлүктүн таңгагынан коронавирустун изин кайрадан аныктады. Бул жолу тоңдурулган кальмар Россиядан алынып келинген. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.
Алардын айтымында, вирустун издери бар таңгак Чанчунь шаарынан табылган. Факт эки жолу текшерилип, тастыкталды. Маалыматтар Чанчун шаарынын Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору тарабынан да текшерилген.
Буга чейин Кытайда коронавирусту таңгактардан табуу учурлары буга чейин катталган. Reuters агенттиги август айында билдиргендей, Эквадордон Кытайдын чыгышындагы Аньхой провинциясына импорттолгон продукциядан вирустун бөлүкчөлөрү табылган. Ушундай эле окуя Шандун провинциясында катталган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ