Бүгүн, 17-март күнү Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши каралды.
Анда айыпталуучунун адвокаты Икрамидин Айткулов прокурорго ишенбөөчүлүк көрсөткөнүн билдирди.
“Прокурор Курсан Асановго катуу үн көтөрүп сүйлөгөндүктөн, экөө айтыша кетишти. Ошондуктан анын калыстыгына шек жаралууда. Бул кылганы туура эмес болуп калды. Ал көп жолу эскертүү алды. Андыктан өзүн сабырдуу алып олтурушу керек болчу”,- деди адвокат.
Ошондой эл жактоочу сот залын Жеңиш Разаковдун жан сакчылары ээлеп алганын кошумчалады.
“Жабырлануучу Разаков соттук отурумга жети жан сакчысы менен келди, залдын ичин ошолор эле ээлеп алышты, ал эми башкалар үчүн орун жетпей калды. Мындай кылганы туура эмес да”,- деди Икрамидин Айткулов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ