Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айылында 50 сотых аянттагы алча багы күйүп кетти. Бул маалыматты бүгүн, 20-сентябрда өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кара-Суу районунун Кең-Сай айылындагы сарайдын 44 чарчы метр чатыры, 1,5 куб метр отун, 10 түк саман жана 50 боо пахта сабагы күйгөң.
Өзгөн районунун Жазы айыл аймагында 40 гектар жердеги куураган чөп күйүп кетти.
Өзгөн районунун Карчыбек айылындагы короодо жыйылган 15 тонна куураган чөп өрттөнүп кетти.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ