Menu

Айбек Мырза, жарандык активист: “Президнтке коррупцияга белчесинен баткан мансапкорлор жардам бермек беле?”

Бөлүшүү:

“Жерүй: кечээ, бүгүн, эртең” элдик жыйынын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы Айбек Мырзаны кепке тарттык. Айтылуу Талас жеринде, үстүбүздөгү жылдын 1-октябрь күнү элдик жыйын болгону турат.

– Айбек, элдик жыйындын өтүшүнүн себеби эмнеде? Эмнеден улам жыйын өткөрүүнү чечтиңер?

– Президент Сооронбай Жээнбековдун коопсуздук кеңештин жыйынында “Тоо-кен тармагы мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып кетиптир” деп коррупцияга каршы күрөш жарыялап, элди көмөктөшүүгө чакырганы болду. Бул чакырык бизге дем берди. Эгер биз президентке колкабыш кылып, жардам кылбасак, анан ошо коррупцияга белчесинен баткан мансапкорлор жардам бермек беле?

– Элдик жыйындын максаты?

– Учурда Жерүй алтын кенинде болжол менен 5 миллиард доллар алтындын кору бар. Тилекке каршы, Кыргыз мамлекетинин үлүшү – 0. Бул деген – кылымдын аферасы! Экологиялык маселелер элдин тынчтыгын бузууда. Эл жана мамлекеттик бийлик бир пикирге келишип, Жерүй маселесин элдин, мамлекеттин пайдасына чечүү – жыйындын эң негизги максаты болмокчу.

– Күн тартибинде дагы кандай маселелер каралат?

– Биринчиден, 2015-жылы Жерүй алтын кени боюнча өткөн конкурстун мыйзамдуулугу жана адилеттүүлүгү каралат. Экинчиден, Жерүй алтын кениндеги мамлекеттин үлүшү тууралуу ой пикирлер айтылат. Үчүнчүдөн, эң негизгиси катары, жер казынасы жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү, мамлекеттин пайдасы 1-орунга турары жана башка ар кыл маселелер каралат. Алар жыйындын жүрүшүндө толукталат.

– Анан элдик жыйыныңар качан өтөт, каерде?

– “Жерүй: кечээ, бүгүн, эртең” элдик жыйыны 1-октябрда саат 11:00дө Талас районундагы Чат-Базар кайрылышында Үч-Кошкон жеринде өтөт.

– Элдик жыйынга кимдер катышып жана кимдер чакырылмакчы?

– Президенттик аппараттан, өкмөт мүчөлөрү, ЖК депутаттары, губернатор, саясатчылар, коомдук ишмерлер жана Солтон-Сары, Кумтөр, Чаткал, Бозбөлтөк ж.б. активисттер, жергиликтүү эл.

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − 86 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: