Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Баетов айылында үй өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, кырсык Баетов айылдагы Мусулимов көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен 100 чарчы метр болгон үй күйүп кеткен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ