Балдарын аеосуз сабаган келин боюнча Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги ИИМ менен биргеликте иш алып барууда. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Ички иштер министрлиги менен бирге баласын сабаган келинди тактаган. Ал окуя Өзгөн районунда болгон, балдарды уруп жаткан аял 8-ноябрда Орусияга иштеп кеткен. Бул маселе боюнча министрдин орун басары Ализа Солтонбекова иш алып барып жатат.
Эске сала кетсек, кечээ, 12-ноябрда, белгисиз бир аял балдарын сабап, кичинекей уулун башка, көзгө ургулап, бетин апчып алып, соткасынын камерасынын алдына сүйрөп келип, “чакыр атаңды!”,-деп кордоо көрсөткөн видео социалдык тармактарга тарап. коомчулук ал келинди тезинен таап, жоопко тартылышын талап кылышкан жана кылышууда. Бүгүн, 13-декабрда ал келинди милиция издеп жатканы белгилүү болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ