Жарандарыбызды балдары менен сейилдөөдөн, конокко баруудан жана коомдук жайларга баруудан баш тартууга дагы бир ирет чакырабыз. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
“Айрымдар карантинди туугандар жана достор менен баарлаашуу убактысы катары кабыл алууда. Ата-энелер изоляция жана санитардык чараларга жоопкерчилик менен мамиле кылышы керек” – деди Айнура Акматова.
Ал коомдук тамактануу жайлардын кээ бирлери иштеп жатканын айтып, бирок жарандар тамак-ашты үйдөн даярдап, көчөгоБелгилей кетсек, бүгүн, 23-мартта Кыргызстанда таажывируска чалдыккан учурлар катталган жок. Өлкө боюнча таажывирусту жуктуруп алгандардын саны – 14. Алар: 6 эркек, 8 аял.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ