Өмүрбек Текебаев, тилеке каршы, бир гана Өкмөттүн кол жоолукка айланышына эмес, Атамбаевдин бийликти узурпациялашына, авторитардык мамлекетке айлантышына, акыркы 5 жылда аябагандай чоң салым кошту. Болбогон министрлик кызматты, саясий комфортту эңсеп, көптөгөн туура эмес, мыйзамсыз бийликтин кадамдарына көз жумуп келишти. Жыйынтыгында Атамбаев бийликти толугу менен узурпациялап, эми ал аз келгенсип, бийликте калуунун жолдорун издеп, Конституциялык төңкөрүш даярдоодо.
Албетте, Ө. Текебаевдин азыркы кадамы алкышка татырлык. Бирок, Ө. Текебаевдин жардамы, салымы, колдоосу аркылуу жаралган, жаңы Ажыдаарды токтото алар бекенбиз?!
Бул сөздөрдү парламентте жүргөндө өзүнө көп эле жолу айттым эле. Эми ачык жазууну туура көрдүм.
Экс-депутат Равшан Жээнбековдун Фейсбуктагы баракчасынан
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ