Токмокто үй-бүлөлүк чыр-чатак учурунда эки жаран бири бирине бычак сайган. Алардын жанында турган адам дагы жаракат алган. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 12-октябрь күнү саат 00:36 чамасында Токмок шаарынын аймактык ооруканасына бычактан алган жаракаттарынан улам үч жаран түшкөнү тууралуу Токмок шаарынын ИИБнө маалымат келип түшкөн.
Аталган факт Токмок шаарынын ИИБү тарабынан КР Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден-соолукка оор залал келтирүү” боюнча кылмыш катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Зарыл болгон экспертизалар дайындалган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, үй-бүлөлүк чыр-чатак учурунда 46 жаштагы И.М. күйөө баласына бычак сайган. Ал эми күйөө баласы 36 жаштагы Н.А. , жооп катары кайненесинин кекиртегине жана денесинин башка жерлерине бычак сайган. Бул учурда алардын жанындагы турган 27 жаштагы К.М. дагы жаракат алган.
Учурда окуя тууралуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Ал эми чыр-чатакка катышкан үч жаран ооруканада милиция кызматкерлеринин кайтаруусунда жатышат.
Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ