Menu

Донорлор өлкөнү таза суу менен камсыздоо үчүн 36 млн доллар бөлөт

Бөлүшүү:

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы “Айылдарды таза суу менен жабдуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорун кошумча каржылоо үчүн 36 млн доллар бөлөт. Жогорку Кеӊештин бюджет жана финансы боюнча комитети ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Долбоордун жалпы наркы – 43 млн 200 миӊ доллар. Анын ичинен 11 млн 900 миӊ доллары гранттык каражат, ал эми 14 млн 500 миӊ доллар жеӊилдетилген насыя болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыздуу үстөгү менен берилүүдө. Каражат Чүй, Ысык-Көл, Ош облустарынын 53 айылын таза суу менен камсыз кылууга жумшалат.

Буга чейин акыйкатчы Кубат Оторбаев “Жарандардын таза суу жана санитарияга жетүү укугу” деген баяндамасын жарыялаган. Ага ылайык, өлкөдө бир миллионго жакын киши таза суудан өксүп келет.

Учурда калктын 40% сууну арык, канал, булак, дарыядан алып ичет. Аймактарда мунун айынан жугуштуу ичеги-карын оорулары көбөйүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: